21:31, 24-апрель, 2026

Жаш балдарга карата майыптуулук кайсы курактан белгиленет? Министрликтин түшүндүрмөсү

На русском
17:50, 24-апрель, 2026 363

АКИpress - Кыргызстанда түрдүү диагнозу бар балдардын майыптыгы оорусуна жараша ар башка убакта белгиленет, деп билдирди Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин майыптыгы бар адамдардын маселелери боюнча башкармалыгынын башчысы Назгүл Чогулова 24-апрелде «Ишеним» депутаттык тобунун жыйынында.

Депутат Бакытбек Чойбеков ДЦП жана аутизм диагнозу бар балдардын санынын көбөйгөндүгүн айтып, аларга кайсы жаштан баштап майыптык белгиленерин сурады.

Чогулованын айтымында, бир катар оорулар болгон учурда майыптык төрөлгөндөн баштап эле аныкталышы мүмкүн. Тактап айтканда, Даун синдрому сыяктуу тукум куума ооруларда майыптык аныкталгандан кийин дароо эле белгиленип, 18 жашка чейин жыл сайын тастыктоосу кереги жок эле күчүндө болот.

Ал эми аутизм боюнча — психиатрлар болжол менен 4–5 жаштан баштап диагноз коюшат. Бул жашка чейинки балдарга психикалык өнүгүүнүн кечигүүсү менен байланышкан башка диагноздар коюлушу мүмкүн, ошол эле учурда майыптык да расмийлештирилет.

Адис буга чейин майыптыкты белгилөө боюнча жаңы тартип кабыл алынгандыгын билдирди. Ага ылайык, аутизм менен ооруган балдардын мындан ары жыл сайын медициналык-социалдык эксперттик комиссиядан (МСЭК) өтүүсүнө кажет жок: жеңил формасында майыптык беш жылга, ал эми оор формасында — 18 жашка чейинки мезгилге дароо белгиленет.

Ошондой эле Чогулова 18 жашка чейинки балдарга майыптык топтору ыйгарылбай тургандыгын — алардын бардыгы «майыптыгы бар бала» категориясына кирип, 8 миң сом өлчөмүндө жөлөк пул алышарын маалымдады.

Анын айтымында, майыптыкты расмийлештирүү үчүн жарандар алгач жашаган жери боюнча медициналык уюмдарга кайрылышат. Дарыгерлер текшерүүдөн өткөндөн кийин документтерди электрондук форматта МСЭКке жөнөтүшөт. Мында ата-энелердин комиссияга жеке баруусуна кажет жок — арыз поликлиникада берилет. Документтер 5 күндүн ичинде каралат. Алар толук эмес болсо, кайра иштеп чыгууга жөнөтүлөт.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»