22:08, 24-апрель, 2026

ТМУ менен Ислам азык-түлүк коопсуздугу уюму меморандумга кол коюшту

На русском
19:49, 24-апрель, 2026 157

АКИpress - Түрк мамлекеттеринин уюму (ТМУ) Астанада Ислам азык-түлүк коопсуздугу уюму менен өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол койду. Бул тууралуу ТМУнун басма сөз кызматы билдирди.

Меморандумга ТМУнун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев жана Ислам уюмунун башкы директору Берик Арын кол коюшту.

«Бул өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум  кызматташтыкты бекемдөөдөгү маанилүү учур болуп саналат, ал азык-түлүк коопсуздугу, туруктуу айыл чарбасы, айыл жерлерин өнүктүрүү жана экологиялык туруктуулук чөйрөлөрүндө узак мөөнөттүү жана өз ара пайдалуу өнөктөштүктү орнотот. Биз бул өнөктөштүк региондук туруктуулукту жогорулатууга жана бүткүл түрк дүйнөсүндө туруктуу өнүгүүнү илгерилетүүгө салым кошот деп ишенебиз», - деп жазган Өмүралиев өзүнүн социалдык тармактардагы баракчасына.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»