23:08, 24-апрель, 2026

25-апрелде Бишкектеги Сүйөркулов көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

На русском
20:45, 24-апрель, 2026 154

АКИpress - Бишкекте Сүйөркулов көчөсүнүн Жукеев-Пудовкин көчөсүнөн Байтик баатыр көчөсүнө чейинки 100-150 метр тилкеси оңдоо иштерине байланыштуу жабылат.

Мэрия билдиргендей, аталган тилке 25-апрель күнү саат 18:00дөн 26-апрель күнү саат 09:00гө чейин жабык болот.

Тилкеде түтүк алмаштыруу боюнча иштер жүргүзүлөт.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»