16:12, 24-апрель, 2026

24-25-апрелде тоолуу аймактарда кар көчкү түшүшү мүмкүн

На русском
13:58, 24-апрель, 2026 197

АКИpress - 24-25-апрель күндөрү күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана 2 унаа жолунда кар көчкү түшүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Кеп төмөнкү унаа жолдору жөнүндө болуп жатат:

Балыкчы — Казарман — Жалал-Абад унаа жолунун 326-349-чакырымдары (Көк-Арт ашуусу);

Каракол — Эңилчек унаа жолунун 70-90-чакырымдары (Чоң-Ашуу ашуусу).

Кыргызгидромет кар көчкү кооптуулугу бар тилкелерден өтүүдө транспорт каражаттарынын ортосундагы 500 метрлик аралыкты так сактоо зарыл экенин эскертет.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»