АКИpress - Алдамчылыкка шектүү адам кармалды, деп билдирди 24-апрелде Бишкек милициясы.
Арыз ээсинин айтымында, 22-январда өздөрүн УКМК, ИИМ жана Улуттук банктын кызматкерлерибиз деп тааныштырган адамдар аны алдап, 9 миллион 123 миң 470 сом которууга мажбурлашкан. 23-январда ал милицияга кайрылган.
Шектүү катары 1991-жылы туулган Ж.И. кармалды. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Мындан тышкары тергөө иштеринин алкагында дагы беш шектүү аныкталды.