17:29, 24-апрель, 2026

Майып адамдарга жолдомо же акча тандоо укугу берилиши мүмкүн

На русском
15:18, 24-апрель, 2026 240

АКИpress - Кыргызстанда санаторий-курорттук дарылоодон пайдалана албаган майыптыгы бар адамдарга акчалай компенсация киргизүү пландалууда, деп билдирди Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин майыптыгы бар адамдардын маселелери боюнча башкармалыгынын жетекчиси Назгүл Чогулова 24-апрелде «Ишеним» депутаттар тобунун жыйынында.

Анын айтымында, учурда майыптыгы бар адамдар 5 жылда бир жолу санаторий-курорттук жолдомо алышат. Жыл сайын министрликке жолдомо алуу үчүн 10–11 миң кайрылуу келип түшөт. Жолдомолор тендер аркылуу сатып алынып, аймактык башкармалыктар аркылуу бөлүштүрүлөт. Бирок айрым жарандар бул жеңилдиктен пайдалана алышпайт, анткени алар үйдөн өз алдынча чыга албайт, коштоп жүрүүчү адамдары жок.

Ушуга байланыштуу токтом долбоору иштелип чыгып, Министрлер Кабинетине киргизилген. Документ 2027-жылдан баштап санаторийге бара албаган жарандарга акчалай компенсация берүүнү карайт. Ал эми дарылоого барчулар үчүн жолдомо берилет.

Чогулова Финансы министрлиги демилгени колдоп, кошумча каржылоо каралганын билдирди.

Ошондой эле майыптыгы бар адамдарга 5 жылда бир жолу коляска берилет. Бузулуп калса, мөөнөтүнөн мурда алмаштырылат. 85 жаштан ашкан майыптыгы жок жарандарга да коляска берүү каралган. Жарандар протез-ортопедиялык ишкана аркылуу арыздардын негизинде акысыз протез жана ортопедиялык бут кийимдер менен камсыз болушат.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»