АКИpress - Кыргызстандын командасы Азиянын кум үстүндөгү оюндарында алгачкы жеңишине ээ болду.
Оюндар ушул күндөрү Санья шаарында (Кытай) өтүп жатат.
24-апрелде тайпалык этаптын 2-турунда кыргызстандык Огулай Кудайкулова жана Адина Маматжан кызы Корея курама командасы менен ойноп, 2:0 эсебинде жеңишке жетишти.
23-апрелде биринчи турдагы беттеште Кыргызстан курамасы Кытай командасына 2:0 эсебинде утулуп калган.
25-апрелде тайпалык этаптын соңку беттештери болот. С тобунда Кытай менен Корея менен ойнойт.
Эгер кытайлыктар жеңсе, анда Кыргызстан курама командасы плей-оффко чыгат.