12:16, 23-апрель, 2026

Бишкекте «спайс» таратканга шектүү кармалды

На русском
10:13, 23-апрель, 2026 260

АКИpress - 10-апрелде Бишкекте  синтетикалык баңгизаттарды жайылтууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу 23-апрелде Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Тергөөдөгү маалымат боюнча, 2001-жылы туулган К.А.С. баңгизаттарды жашыруун жерлерге коюу менен алектенген. Андан 19 таңгак «спайс» табылган. Ошондой эле ал баңгизаттарды катып жетишкен жерлерин көрсөтүп берген.

Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча катталган.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат, анын алкагында кылмышка тиешеси бар башка адамдар аныкталууда.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»