АКИpress - Бишкек шаарынын Ауэзов жана Сагынбай Манасчы көчөлөрүндө объекттерди демонтаждоо иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Жалпысынан бул көчөлөрдө 17 чарба жүргүзүүчү субъект, анын ичинде «Малик», «Бешпанжа», «Мираж» жана «Рахат» коомдук тамактануу жайлары алынды.
Ауэзов көчөсүндөгү «Азат» корпорациясынын жалпы узундугу 380 метрди түзгөн темир тосмолору алынып, жыйынтыгында 6200 чарчы метрге жакын муниципалдык аймак бошотулду.
Свердлов акимчилиги тарабынан бошотулган тилкелерде жашылдандыруу иштерин жүргүзүү пландалып жаткандыгы кабарланды.
⛶