13:20, 23-апрель, 2026

Жайыл районунда таанышын бычактаганга шектүү кармалды

На русском
10:37, 23-апрель, 2026 367

АКИpress - Ден соолукка оор зыян келтирүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. 

Окуя 18-апрелде Жайыл районунун Новониколаев айылында болгон. Жергиликтүү тургун кошунасынын үйүнө кирип, жерде кан көргөн. Ал дароо башка кошуналарын чакырып, тез жардам кызматына байланышкан.

Оорукананын реанимация бөлүмүнө бычактан жаракат алган 30 жаштагы эркек киши тууралуу милицияга маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн ыкчам тергөө тобу барган. Алар жабырлануучу ошол күнү таанышыныкына конокко келгенин аныкташкан. Ал өзү менен кошо спирт ичимдиктерин ала келген жана алар ичимдик ичип олтурушканда ортодо чыр чыккан. Тааныш аял бычак алып, эркек кишиге бир нече жолу жаракат келтирген.

Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (ден соолукка оор зыян келтирүү) боюнча катталып, 1996-жылы туулган Х.Г. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Тергөө жүрүп жатат.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»