13:45, 23-апрель, 2026

7-баласы чарчап калган энеге «Баатыр эне» наамы берилбей жатат, - депутат

11:35, 23-апрель, 2026 328

АКИpress - Бүгүн, 23-апрелде Жогорку Кеңештин жалпы жыйыныда депутат Алтынбек Кылычбаев «Баатыр эне» наамын алуу үчүн документтерди тапшыруу жоболорун жөнөкөйлөштүрүүнү демилгеледи.

Ал документтерди нотариалдаштыруу нормасын алып салууну сунуштап, жарандардын биринен кайрылуу түшкөнүн маалымдады.

«Сузак районуна караштуу Багыш айыл өкмөтүнө Г.Д. аттуу жаран бүт тийиштүү документтерди чогултуп, кайрылган экен. Жети балалуу болгон экен, бирок акыркы баласы 7 жашында чарчап калыптыр. Ага азыркыга чейин "Баатыр эне" наамы берилбей жатыптыр. Эмне себептен берилбей жаткандыгы да айтылбай жатыптыр», - деди депутат.

Депутат мыйзам боюнча эгер 7 балалуу эне акыркы баласын 6 жашка чейин чоңойткон болсо, ага бул наам берилиши керектигин белгиледи.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»