11:43, 23-апрель, 2026

Майда Чүңкурчак капчыгайында альпиниада өтөт

На русском
17:08, 22-апрель, 2026 477

АКИpress - 1-майда Кыргызстандын альпинизм федерациясы салттуу эл аралык альпиниаданы өткөрөт.

2026-жылы өткөрүлчү жер өзгөрдү – альпиниада Чүңкурчак капчыгайында Альпиниада чокусунда (4010 м) өтөт. Буга чейин май айындагы иш-чара салттуу түрдө Комсомол чокусуна (4200 м) чыгуу менен өтчү. Эки чоку тең жакын жайгашкан, бирок маршруттар карама-каршы тараптардан салынган: Комсомолго – «Ала-Арча» тарабынан, Альпиниада чокусуна – Чүңкурчак (Аламүдүн капчыгайы) тарабынан.

Президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков альпиниадага дүйнөнүн 20 өлкөсүнөн 2000ден ашуун адам катышарын билдирди.

«Кыргызстанда тоо туризмининин негизги түрлөрүн: хайкинг, треккинг, альпинизм, муз тебүү, тоо лыжасы (ski touring) жана экспедициялык туризмди өнүктүрүү үчүн бардык шарттар бар. Мындан тышкары, айрым аймактар өзгөчө мааниге ээ. Мисалы, "Ала-Арчадагы" Ак-Сай капчыгайы альпинисттерди машыктыруу үчүн эң мыкты жерлердин бири болуп эсептелет. Бул жерге Япониядан, Кореядан, АКШдан, Европа өлкөлөрүнөн, ошондой эле КМШ мамлекеттеринен атайын спортчулар келишет», - деди ал.

Анын айтымында, тоо туризми чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты күчөтүп, өлкөнүн мүмкүнчүлүктөрүн эл аралык аренада активдүү жайылтуу зарыл.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»