12:04, 20-апрель, 2026

Бишкекте мушташ чыгып, төрт жигит кармалды

На русском
08:55, 20-апрель, 2026 371

АКИpress - Бишкектин 7-кичи районунда эркек кишилер мушташты. Аларды милиция кызматкерлери кармаганын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы билдирди.

19-апрелде кечинде милицияга мушташ тууралуу кабарлашкан. Райондук милицияга 1999-жылы туулган М.Н., 1999-жылы туулган А.А., 1998-жылы туулган Г.Р. жана 2000-жылы туулган Р.Д. аттуу жарандар жеткирилген. Алар майда бейбаштык үчүн убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Милиция коомдук жайда жана көчөдө агрессивдүү жүрүм-турум жана уруш-талаш үчүн 5 жылга чейинки эркиндиктен ажыратуу жазасы каралганын эскертет.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»