АКИpress - 5-Анталия дипломатиялык форумунун алкагында Түрк мамлекеттери уюмунун башкы катчысы, элчи Кубанычбек Өмүралиев Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешине туруктуу эмес мүчөлүккө талапкерлигин илгерилетүүгө арналган панелдик отурумдун катышуучулары менен жолукту.
Аталган отурумга Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясынын жетекчисинин орун басары жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо бөлүмүнүн башчысы Азамат Кадыралиев, Кыргыз Республикасынын юстиция министри Аяз Баетов, БУУнун башкы катчысынын Афганистан боюнча атайын өкүлү Роза Отунбаева, ошондой эле Кыргыз Республикасынын делегациясынын башка мүчөлөрү катышты.