12:39, 19-апрель, 2026

Мамлекеттик органдагы кызматка талапкерлер кадрлар резервинен рейтинг боюнча тандалат

На русском
10:27, 19-апрель, 2026 315

АКИpress - Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин окутуу жана эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Жыргал Маратбекова маалымат жыйында билдиргендей, кадрлар резервиндеги жарандардын арасында рейтингдик система иштейт.

Өлкөдө айыл өкмөт башчысы, аким жана мэр сыяктуу атайын саясий кызматтар үчүн кадрлар резерви мурдатан эле бар. Аны аталган агенттик түзөт.

Ошондой эле тажрыйба талап кылынбаган жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү кабыл алынган кенже кызматтар үчүн дагы резерв түзүлгөн. Маратбекованын айтымында, жакында эле тест өткөрүлүп, азыр маектешүү этабы жүрүп жатат.

«Резерв түзүлгөндөн кийин рейтингдик система киргизилет. Мамлекеттик органдар талапкерлерди сураганда, биз эң жогорку упай алган үч талапкерди сунуштайбыз. Алардын ичинен мамлекеттик орган өзү тандайт», - деди ал.

Маратбекова тиешелүү жарлыкка президент жакында гана кол койгондуктан, система жаңы гана иштей баштаганын кошумчалады.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»