АКИpress - 18-апрелде Анталия дипломатиялык форумунун алкагында Түрк мамлекеттери уюмунун (ТМУ) Тышкы иштер министрлери кеңешинин расмий эмес жыйыны өттү.
Жыйынга Түркия Республикасынын тышкы иштер министри Хаккан Фидан төрагалык кылды. Ошондой эле жыйынга Азербайжан Республикасынын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов, Казакстан Республикасынын тышкы иштер министри Ермек Кошербаев, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, Өзбекстан Республикасынын тышкы иштер министри Бахтиёр Саидов жана Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы, элчи Кубанычбек Өмүралиев катышты.
Жыйындын алкагында министрлер учурдагы глобалдык жана аймактык окуяларды талкуулап, ТМУнун үчүнчү тараптар менен мүмкүн болгон кызматташтык мүмкүнчүлүктөрү боюнча пикир алмашты.
Түрк мамлекеттери уюмунун тышкы иштер министрлери форумдун алкагында эки тараптуу жолугушууларды да өткөрүштү.