АКИpress - Талас облусунун Айтматов районундагы Шекер айыл аймагында «Чыңгыз ааламы» маданий-мемориалдык комплексин куруу иштери уланууда, деп билдирет Курулуш министрлиги.
Иштер республикалык бюджеттин эсебинен каржыланат, сметалык баасы 150 миллион сомду түзөт. Учурда бетондоо иштери жүрүп жатат.
Үй-музей, кинотеатр, китепкана, ошондой эле мейманкана куруу каралган.
«Бул долбоор тарыхый-маданий маанидеги ири объектилердин бири болуп саналат жана өлкөдө маданий туризмди өнүктүрүүгө багытталган», - деп кошумчалашты министрликтен.