12:18, 19-апрель, 2026

Айтматов районунда «Чыңгыз ааламы» комплексин куруу уланууда

На русском
10:30, 19-апрель, 2026 179

АКИpress - Талас облусунун Айтматов районундагы Шекер айыл аймагында «Чыңгыз ааламы» маданий-мемориалдык комплексин куруу иштери уланууда, деп билдирет Курулуш министрлиги.

Иштер республикалык бюджеттин эсебинен каржыланат, сметалык баасы 150 миллион сомду түзөт. Учурда бетондоо иштери жүрүп жатат.

Үй-музей, кинотеатр, китепкана, ошондой эле мейманкана куруу каралган.

«Бул долбоор тарыхый-маданий маанидеги ири объектилердин бири болуп саналат жана өлкөдө маданий туризмди өнүктүрүүгө багытталган», - деп кошумчалашты министрликтен.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»