14:36, 19-апрель, 2026
Учурда окулуп жатат
14:19, 19-апрель, 2026 (3 адам окуп жатат)
20-апрелге карата аба ырайы
15:02, 17-апрель, 2026 (3 адам окуп жатат)
Бишкекте жылаңач жүргөн киши кармалды. Видео

Түндө 3 мас жигит милиция кызматкерлерине кол салды. Видео

На русском
11:26, 18-апрель, 2026 6685

АКИpress - Бишкекте милиция кызматкерлерине кол салган 3 жигит кармалды, деп билдиришти Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынан.

Окуя 18-апрель күнү болжол менен түнкү саат төрттө болгон. Саякбай Каралаев көчөсүндө кайгуулчулар «Мерседес» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусунун адекватсыз жүрүм-турумун байкашкан: ал 2 жигитти унаасы менен сүзгүлөгөн. Сүйлөшүү учурунда инспекторлор алардын бардыгы мас экенин байкашкан. Ошондуктан алар айдоочудан документтерин жана унаанын ачкычын талап кылышкан, бирок ал баш тарткан жана алардын ортосунда чыр чыккан. Чырга берки 2 жигит да кийлигишкен.

Тартип бузгандар кармалып, Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген. Алар 2002-жылы туулган А.А., 2003-жылы туулган Б.К. жана 1999-жылы туулган А.Н. болуп чыгышты. Алардын үстүнөн майда бейбаштык боюнча протокол түзүлдү. Андан соң алар убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»