13:55, 16-апрель, 2026

«Чоң-Капкада» тыюу салынган товарлардын ири партиясы кармалды

На русском
11:48, 16-апрель, 2026 431

АКИpress - 15-апрелде «Чоң-Капка» өткөрүү пунктунда Кыргызстанга ири партиядагы товарды мыйзамсыз алып кирүү фактысына бөгөт коюлганын УКМКнын басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, ал сатууга арналган тыюу салынган жана эсепке алынбаган товар болгон. Учурда зарыл болгон тергөө жүргүзүлүп жаткандыгы кабарланды.

УКМК мыйзамсыз алып кирүү, жашыруу жана тыюу салынган товарларды сатууга байланышкан бардык аракеттер токтотуларын, ал эми күнөөлүү адамдар мыйзамда белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартыларын эскертет.

Издөө иш-чаралары Мамлекеттик чек ара кызматынын «Чоң-Капка» өткөрүү пункту менен биргеликте жана Мамлекеттик салык кызматынын Талас облусу боюнча каттоого алынбаган товарларды каттоо бөлүмүнүн катышуусунда жүргүзүлдү.

 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»