14:49, 16-апрель, 2026

Бишкекте Жибек Жолу проспектисинин бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылды

На русском
11:53, 16-апрель, 2026 222

АКИpress - Бишкектин Жибек Жолу проспектисинин Жаш Гвардия бульварынан Калык Акиев көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылды. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Бул тилкеде диаметри 600 мм болгон канализациялык коллекторду өткөрүү иштери жүргүзүлөт. Иштин качан аяктай тургандыгы тууралуу мэрия маалымат берген жок.

 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»