АКИpress - УКМКнын ДНК-лабораториясы бир жылдан ашык убакыттан бери иштеп келет. Бул мезгил аралыгында оор жана өзгөчө оор кылмыш иштерине, ошондой эле сот чечимдеринин негизинде жарандык иштерге байланыштуу болжол менен 40 молекулярдык-генетикалык экспертиза жүргүзүлдү, деп билдирди атайын кызмат.
«Лабораторияны түзүү бюджеттик каражаттарды колдонбостон ишке ашырылган. Бардык зарыл болгон жабдуулар өнөктөштөр тарабынан кайтарымсыз негизде берилген, бул коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндө эл аралык кызматташтыктын жогорку деңгээлин жана өнүгүүсүн көрсөтөт.
Лаборатория тергөө органдары, сот жана прокуратура үчүн, анын ичинде улуттук коопсуздук органдары үчүн да талап кылынган маанилүү курал болуп калды. Изилдөөлөр кеңири спектрдеги маселелерди камтыйт — адамга каршы кылмыштарды, каракчылыкты жана киши өлтүрүү иштерин иликтөөдөн тартып, кырсыктарга байланыштуу материалдарды талдоого чейин, ошондой эле чалгындоо жана контрчалгын иш-чараларын жүргүзүүгө илимий-техникалык колдоо көрсөтөт.
Лаборатория адистеринин кесиптик деңгээли өзгөчө көңүл бурууга татыктуу, анткени алар Кыргыз Республикасында бул багыттагы алгачкы адистер болуп саналат. Алар Кытай Эл Республикасынын жана Россия Федерациясынын профилдүү түзүмдөрүндө окутуудан өтүп, практикалык тажрыйба алышкан. Бул ДНК-анализдин заманбап ыкмаларын жана эл аралык стандарттарын киргизүүгө мүмкүнчүлүк берген.
Аны менен катар төмөнкүлөр да бар:
- Соттук-химиялык экспертиза каннабиноиддер тобуна кирген үй шартында даярдалган баңгизат менен психотроптук заттарды изилдөөгө багытталган. Эксперттер тыюу салынган заттардын бар-жогун, алардын курамын жана концентрациясын аныкташат, бул мыйзамсыз жүгүртүү фактыларын аныктоого мүмкүндүк берет,
- Лингвистикалык экспертиза жазуу жана оозеки кепти талдоо үчүн колдонулат. Ал тексттердин маанилик багытын аныктоого, экстремизм, коркутуу же мыйзамсыз аракеттерге чакырык белгилерин табууга мүмкүндүк берет. Айрым учурларда авторду кеп өзгөчөлүктөрү боюнча идентификациялоо да жүргүзүлөт, бул санариптешүү шартында жана маалыматтын активдүү жайылышы фонунда өзгөчө актуалдуу,
- Документтердин жана алардын реквизиттеринин техникалык экспертизасы алардын аныктыгын жана даярдоо ыкмаларын аныктоого багытталган. Адистер жасалмачылык жана киргизилген өзгөртүүлөрдүн аныкташат, басып чыгаруу ыкмаларын жана колдонулган техникалык каражаттарды белгилешет, ал эми зарыл учурда жоголгон же бузулган жазууларды калыбына келтиришет. Бул экономикалык жана кызматтык кылмыштарды иликтөөдө маанилүү роль ойнойт,
- Кол жазма экспертизасы кол менен жазылган тексттин же кол тамга ээсин аныктоого мүмкүндүк берет. Эксперттер кол жазманын индивидуалдык өзгөчөлүктөрүн талдап, жасалмачылыктын белгилерин аныкташат, анын ичинде мүмкүн болгон тышкы таасирди да белгилешет. Бул экспертизанын түрү кылмыш-жаза, жарандык жана административдик сот өндүрүшүндө кеңири колдонулат.
- Баңгизат, психотроптук зат, алардын аналогдорунун жана прекурсорлорунун изилдениши криминалистикадагы атайын изилдөөлөрдүн маанилүү багыттарынын бири болуп саналат. Заманбап изилдөө ыкмаларына физикалык-химиялык талдоо, хроматография, спектрометрия, ошондой эле рентген-флуоресценттик изилдөөлөр кирет. Бул ыкмалар заттарды так идентификациялоого жана тыюу салынган заттардын курамын аныктоого мүмкүндүк берет», - деп айтылат расмий маалыматта.