АКИpress - Алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
1-апрелде Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө жергиликтүү тургун автомеханикке карата чара көрүү өтүнүчү менен арыз жазган. Анын айтымында, 9-мартта ал «Хонда Одиссей» унаасын оңдоого берип, алгач 35 миң сом, андан соң Ош облусунан кыймылдаткыч алдыруу үчүн 130 миң сом төлөгөн. Бирок кызмат көрсөтүлбөй, унаасын да кайтарып ала алган эмес.
Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча катталып, 1989-жылы туулган С.Н. аттуу шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Тергөө иштеринин алкагында кармалган жарандын ушул сыяктуу дагы 7 алдамчылык фактысына тиешеси бар экени аныкталды. Буга байланыштуу укук коргоо органдары шектүүнүн аракеттеринен жабыркагандар же кандайдыр бир маалыматы барлар болсо, төмөнкү телефондор аркылуу кабарлап коюуну суранат: 0 (550) 100-051, 0 (708) 454-908.