13:41, 16-апрель, 2026
Учурда окулуп жатат
15:09, 14-апрель, 2026 (32 адам окуп жатат)
30 жаштагы Момбеков вице-мэр болду

УКМК төрагасынын мурдагы орун басары Тимур Шабданбеков камакка алынды

На русском
11:13, 16-апрель, 2026 458

АКИpress - Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 15-апрелде УКМК төрагасынын мурдагы орун басары Тимур Шабданбековду камакка алуу чечимин чыгарды. Бул маалыматты «АКИpress» редакциясына 16-апрелде райондук соттун басма сөз кызматы тастыктады.

Ал Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча шектелүүдө. Ишти Аскер прокуратурасы иликтеп жатат.

Шабданбеков 13-июнга чейин 21-тергөө абагына киргизилди.

Тимур Шабданбеков УКМК төрагасынын орун басары кызматына 2022-жылдын 13-июлунда дайындалган болчу. Ушул жылы 17-февралда кызматтан алынган.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»