АКИpress - Түркиянын түштүк-чыгышындагы орто мектептердин биринде 14 жаштагы окуучу тогуз адамды, анын ичинде сегиз классташын атып өлтүрүп, дагы 13 адамды жарадар кылды. Бул тууралуу «Reuters» агенттиги билдирди.
Кол салуу Кахраманмараш провинциясында болгон. Түркиянын ички иштер министри Мустафа Чифтчи сегиз окуучу жана бир мугалим каза болгонун, жарадар болгондордун алтоосу оор абалда экенин кабарлады.
«Бул жеке мүнөздөгү кол салуу, террордук акт эмес», - деп кошумчалады Чифтчи.
Провинциянын башчысы Мүкеррем Үнлүердин айтымында, 8-класстын окуучусу беш даана курал жана жети магазинди баштыкка салып келген. Куралдар анын мурдагы полиция кызматкери болгон атасына таандык болушу ыктымал. Окуучу 5-класстын окуучулары отурган эки кабинетке кирип, аларды аткылаган, андан соң өзүн аткан.
«NTV» телекомпаниясы ок чыгарган өспүрүмдүн атасы кармалганын билдирди.
Түркияда мектептердеги атышуулар өтө сейрек кездешет жана куралга карата мыйзамдар абдан катаал. Куралды тиешелүү лицензиясы бар 21 жаштан ашкан адамдарга гана алып жүрүүгө уруксат берилген. Бирок укук коргоо органдарынын көптөгөн кызматкерлерине курал алып жүрүүгө жана ага ээлик кылууга уруксат бар.
Бул Түркияда эки күндүн ичинде мектептеги экинчи атышуу болду. Шейшемби күнү Шанлыурфа провинциясындагы мектептердин биринде мурдагы окуучу ок чыгарып, кеминде 16 адамды (окуучуларды жана мугалимдерди) жарадар кылып, андан соң өз жанын кыйган.