13:03, 16-апрель, 2026
Учурда окулуп жатат
15:09, 14-апрель, 2026 (16 адам окуп жатат)
30 жаштагы Момбеков вице-мэр болду
08:31, 16-апрель, 2026 (10 адам окуп жатат)
Доллардын эртең мененки баасы

Жогорку Лига: «Мурас Юнайтед» «Дордойду» жеңип, кайрадан алдыңкы орунга чыкты

На русском
09:55, 16-апрель, 2026 145

АКИpress - «Мурас Юнайтед» футбол боюнча Кыргызстандын чемпионатында бешинчи жеңишине жетти.

Ал 15-апрелде Жогорку лиганын 4-турунда жылдырылган оюнда «Дордойго» каршы ойноду. Беттеш Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүп, «Мурас Юнайтеддин» 2:0 эсебиндеги жеңиши менен аяктады. Голдорду «Дордойдун» мурдагы оюнчусу Азим Азаров жана Юрий Лещинский киргизишти.

Бул жеңиштен кийин «Мурас Юнайтед» 16 упай топтоп, кайрадан 1-орунга көтөрүлдү. Ал эми «Дордой» ушул сезондогу алты оюндун ичинен төртүнчү жолу жеңилип, 14-орунда калды.

19-апрелде «Мурас Юнайтед» Бишкек шаарында Азия футбол конфедерациясынын Чакырык лигасынын чейрек финалында Ливандын чемпиону «Аль-Ансар» менен беттешет.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»