13:08, 16-апрель, 2026

Астанадагы көчөгө Жусуп Абдрахмановдун ысымын ыйгаруу сунушталды

На русском
10:20, 16-апрель, 2026 219

АКИpress - 15-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Стамбул шаарында Казакстан Республикасынын парламентинин мажилисинин төрагасы Ерлан Кошанов менен жолугушту.

Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу маселеси талкууланып, тараптар парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча да ой бөлүштү.

Марлен Маматалиев эзелтен эриш-аркак жашаган боордош эки элдин кызматташтыгы соңку жылдары жигердүү өнүгүп келе жатканын белгиледи: «Анын ичинен парламенттер аралык мамилелер кыргыз-казак алакасын чыңдоонун натыйжалуу механизми бойдон калууда. Биз ТүркПА, КМШ ПА, ЖККУ ПА өңдүү эл аралык аянтчаларда да тыгыз иш алып барып, эки тараптуу жолугушууларды жана сүйлөшүүлөрдү да байма-бай өткөрүп келебиз», - деди. 

Буга өткөн жылы Бишкек шаарында Борбор Азия өлкөлөрүнүн III парламенттер аралык форуму, ал эми Астана шаарында Парламенттер аралык кеңештин III жыйыны ийгиликтүү өткөрүлгөнүн мисал кылды. 

«Быйыл Парламенттер аралык кеңештин IV жыйынын Кыргызстанда уюштурууну мерчемдеп жатабыз. Аталган иш-чара салттуу достук мамилелерди чыңдап, парламенттер аралык өнөктөштүктү өрчүтүүгө кошумча түрткү берет деген ишеничтемин», - деди Марлен Маматалиев. 

Ал эми Ерлан Кошанов Марлен Маматалиевди Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланышы менен куттуктап, ийгиликтерди каалады.

Ошондой эле Кыргызстан менен кызматташтыкты кеңейтүү Казакстандын тышкы саясатында артыкчылыктуу багыт экенин белгилеген Ерлан Кошанов да акыркы жылдары эки өлкөн байланышы жаңы деңгээлге чыгып, бардык багыттарда жигердүү улантылып жатканына токтолду. Анын ичинен өткөн жылы президент Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапары ийгиликтүү болуп, анда маанилүү сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөнүн кошумчалады. 

Мындан тышкары, Казакстанда өткөрүлгөн референдум жана анын алкагында ишке ашырылып жаткан реформалар тууралуу да кеңири кеп кылган Ерлан Кошанов: «Катышуучулардын 87%ы колдогон өзгөрүүлөрдүн алкагында бир палаталуу парламент түзүлөрү күтүлүүдө. Учурдан пайдаланып, рефендумга байкоочу катары катышкан Жогорку Кеңештин депутаттарына ыраазычылык билдирем», - деди. 

Баарлашууда маданий-гуманитардык маселелер да талкууланып, Марлен Маматалиев Астана шаарындагы негизги көчөлөрдүн бирине белгилүү коомдук-саясий ишмер Жусуп Абдрахмановдун ысымын ыйгаруу сунушун берди. 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»