АКИpress - Министрлер кабинети 16 жашка чейинки балдары бар муктаж үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү «Үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулунун өлчөмүн кайра карап чыкты.
Минкабдын 2026-жылдын 10-апрелиндеги № 242 токтомуна ылайык, эгерде буга чейин анын өлчөмү 1000 сомду түзсө, киргизилген өзгөртүүлөр менен эми 1500 сомду түзөт.
Ошондой эле аталган токтомго ылайык, эгерде үй-бүлөнүн менчигинде турак жай түрүндөгү эки же андан көп кыймылсыз мүлкү болсо, анда жөлөк пул берилбейт.
Токтом 1-сентябрдан тарта күчүнө кирет.