13:40, 16-апрель, 2026
Учурда окулуп жатат
15:09, 14-апрель, 2026 (34 адам окуп жатат)
30 жаштагы Момбеков вице-мэр болду

Нарында мамлекеттик нотариус кармалды

На русском
15:58, 15-апрель, 2026 630

АКИpress - УКМК тарабынан пара алып жаткан жеринен Нарын шаардык мамлекеттик нотариалдык кеңсесинин нотариусу М.у.М. кармалды. 

УКМК билдиргендей, пара алуу боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында М.у.М. Нарын шаарынын тургуну Б.у.Б.дан каза болгон атасынан калган үйдү мурас катары каттоо үчүн пара алгандыгы аныкталды.

М.у.М. Нарын облусунун Ат-Башы РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 

Тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»