11:34, 16-апрель, 2026
Учурда окулуп жатат
08:31, 16-апрель, 2026 (26 адам окуп жатат)
Доллардын эртең мененки баасы
11:22, 16-апрель, 2026 (11 адам окуп жатат)
Өзгөндө жаш кыз өз үйүнөн асынган абалда табылды

Садыр Жапаров Өзгөн районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты

На русском
09:28, 15-апрель, 2026 277

АКИpress - Президент Садыр Жапаров Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Өзгөн районунун социалдык-экономикалык өнүгүү абалы жана динамикасы менен таанышты.

Мамлекет башчысына Өзгөн районунун акими Каныбек Апбасов маалымат берди. Презентацияда инфраструктуралык жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун жыйынтыктары айтылып, ошондой эле районду мындан ары өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары белгиленди.

Президенттин админстрациясынын басма сөз кызматы билдиргендей, 2025-жылы райондо социалдык жана инфраструктуралык багыттагы бир катар объекттер пайдаланууга берилген. Өнөр жай тармагын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Муниципалдык башкарууну өнүктүрүүнүн алкагында бир нече муниципалдык ишканалар түзүлдү, алардын катарында кум-шагыл аралашмасын казып алуучу ишкана да бар.

2026-жылга карата негизги милдеттер да белгиленди. Тактап айтканда, 5 мектепти жана 4 бала бакчаны пайдаланууга берүү, ошондой эле жаңы чакан жана орто ишканаларды ачуу пландалууда.

Муниципалдык жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду. Алардын катарында Жазы айыл аймагында муниципалдык мал базарын куруу, Төрт-Көл айыл аймагында «Береке» муниципалдык базарын пайдаланууга берүү, ошондой эле Өзгөн күрүчүн таңгактоо жана экспорттоо боюнча «Eco Uzgen Kuruch» муниципалдык ишканасын ишке киргизүү бар.

Мындан тышкары, Өзгөн шаарындагы жалпы аянты 9 гектар болгон Н. Азнабакиев атындагы паркты реконструкциялоо каралган. Бул шаардык инфраструктураны өнүктүрүүгө жана калктын эс алуусу үчүн шарттарды жакшыртууга маанилүү салым болот.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»