АКИpress - Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 15-апрелде Кыргызстан боюнча туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Түнкүсүн Ош облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.
Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 м болот, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнү
түнкүсүн 6...11
күндүз 23...28
Талас өрөөнү
түнкүсүн 4...9
күндүз 19...24
Баткен облусунун дыйканчылык аймактары
түнкүсүн 9...14
күндүз 23...28
Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрү
түнкүсүн 11...13
күндүз 23...28
Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактары
түнкүсүн 1...6
күндүз 14...19
Нарын облусунун дыйканчылык аймактары
түнкүсүн -1...+4
күндүз 16...21
Бийик тоолуу райондор
түнкүсүн -7...-12
күндүз -2...3
Бишкекте күндүз жаан-чачын күтүлбөйт, кечке маал күн күркүрөп, жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 7...9°, күндүз 25...27° болот.