03:52, 15-апрель, 2026
Учурда окулуп жатат
08:43, 14-апрель, 2026 (1 адам окуп жатат)
Талдык ашуусуна тоннель салынат, - президент
15:09, 14-апрель, 2026 (1 адам окуп жатат)
30 жаштагы Момбеков вице-мэр болду
15:17, 14-апрель, 2026 (1 адам окуп жатат)
Жогорку Кеңешке 19-округдан жаңы депутат келди

Садыр Жапаров Кара-Кулжанын тургундарынын суроолоруна жооп берди

На русском
00:00, 15-апрель, 2026 271

АКИpress - Президент Садыр Жапаров 14-апрелде Ош облусунун Кара-Кулжа районунун активи жана тургундары менен жолугушуп, алардын суроолоруна жооп берди. Бул тууралуу Президенттик администрациянын басма сөз кызматы билдирди.

Тургундар райондун жана айрым айылдардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө байланыштуу суроолорду беришти. Унаа жолдорун жана көпүрөлөрдү куруу жана оңдоо, транспорттук жеткиликтүүлүктү калыбына келтирүү боюнча жол инфраструктурасын өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Саламаттыкты сактоо маселелерине, анын ичинде медициналык инфраструктураны модернизациялоого жана көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой эле, суу менен камсыздоо, сугат, дарыя жээктерин бекемдөө жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча да кайрылуулар болду.

Социалдык инфраструктураны өнүктүрүү маселелери, анын ичинде билим берүү жана маданият мекемелерин жаңылоо, ошондой эле айрым айылдарда жаңы мекемелерди куруу маселеси көтөрүлдү.

Ошондой эле, диалогдун жүрүшүндө жер ресурстарын туура пайдалануу, чечимдерди кабыл алууда мыйзамдуулукту сактоо, жарандардын укуктарын коргоо жана талаштуу кырдаалдарды жөнгө салуу маселелери козголду. Ишкердикти жана туризмди өнүктүрүү, экономикалык ишмердүүлүк үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча айрым кайрылуулар болду.

Жолугушуунун жыйынтыгында президент мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмаларды берди. Тактап айтканда, көпүрө куруу жана жол тармагын өнүктүрүү долбоорлорун бюджетке киргизүүнү иштеп чыгуу, сугат жана жээк бекемдөө боюнча иштерди жандандыруу, ошондой эле районду зарыл болгон атайын техника жана өрт коопсуздугу каражаттары менен камсыздоо тапшырылды.

Саламаттыкты сактоо объекттерин баскыч менен модернизациялоо, анын ичинде жаңы медициналык мекеменин курулушун баштоо, ошондой эле жер-жерлердеги реалдуу муктаждыктарды эске алуу менен айрым социалдык объекттерди жаңылоо боюнча тапшырмалар берилди.

Жарандар тарабынан айтылган укуктук жана жер маселелери боюнча толук текшерүү жүргүзүп, жарандардын укуктарын коргоону камсыздоо жана мыйзам бузуулар аныкталган учурда тийиштүү чараларды көрүү тапшырылды.

Жыйынтыктап жатып, Садыр Жапаров жолугушууда айтылган бардык маселелер жеке көзөмөлдө болорун белгилеп, аларды чечүү аймакты өнүктүрүүнүн артыкчылыктарын жана жарандардын кайрылууларын эске алуу менен ырааттуу жүргүзүлөрүнө ишендирди.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»