АКИpress - Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй облустук башкармалыгынын кызматкерлери 13-апрелде рейд учурунда Токмок шаарында мыйзамсыз көчмө зоопаркты аныкташты.
Маалым болгондой, текшерүү учурунда зоопаркта кармалып турган жапайы жаныбарларга тийиштүү уруксат берүүчү документтердин жок экендиги аныкталды.
Жаныбарлардын мыйзамдуулугу толук такталмайынча, алар «Бугу эне» коомдук фондуна жооптуу сактоого убактылуу өткөрүлүп берилди. Конфискациялоо боюнча расмий акт түзүлдү.
Конфискацияланган жапайы жаныбарлардын тизмеси: африкалык арстан, 4 карышкыр, канадалык карышкыр, күрөң аюу, маймыл, үкү, кенгуру, 3 чөө, эму, эки өркөчтүү төө жана кара жору.
Учурда материалдар топтолуп, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.
Текшерүүгө «Бугу эне» коомдук фондунун өкүлү, Токмок шаардык милициясынын кызматкери жана шаардык ветеринардык кызматтын адистери катышты.