21:37, 13-апрель, 2026

Садыр Жапаров Чоң-Алай районундагы “Кара-Мык” чек ара заставасына барды

На русском
20:06, 13-апрель, 2026 241

АКИpress - Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-апрелде “Кара-Мык” чек ара заставасынын инфратүзүмүн жакшыртуу долбоору менен таанышты.

Мамлекет башчысына объекттин социалдык жана инженердик инфраструктурасын модернизациялоого багытталган чаралар  этап-этабы менен ишке ашырылып жатканы тууралуу маалымат берилди. Тактап айтканда өздүк курамдын кызмат өтөө жана жашоо шартын жакшыртууга багытталган бир катар объекттер пайдаланууга берилген. Алардын катарына кызматтык турак жайлар, бала бакча, ошондой эле жашоо-тиричиликти камсыздоочу объекттер кирет.

Азыркы учурда долбоордун кийинки баскычы уланууда. Анда кошумча аскердик жана чарбалык багыттагы объекттерди куруу жана модернизациялоо, ошондой эле мурдагы имараттарды жаңылоо каралган. Бардык иштерди ушул жылдын ичинде аяктоо пландалууда.

Заставаны кыдыруунун жүрүшүндө Садыр Жапаров жаңы объекттердин курулушун баштап берди.

Ошондой эле мамлекет башчысы өткөн жылы курулган турак жайда аскер кызматкерлеринин жашоо шарттары менен таанышып, түзүлгөн тиричилик шарттарына баа берди.

Иш сапардын соңунда Садыр Жапаров чек арачылардын үй-бүлө мүчөлөрү менен баарлашып, алардын жашоо шарттары жана аскер кызматкерлеринин айлык маянасы боюнча маселелерге көңүл бурду.

Президент мамлекеттик чек арада кызмат өтөп жаткан аскер кызматкерлери үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, чек ара бөлүктөрүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдоо улуттук коопсуздук жаатындагы мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин айтты.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»