АКИpress - Кыргызстанда эгерде өз убагында кайрылуу болсо сокурдуктун 78%га чейинки учурларын алдын алууга же дарылоого болот. Бул тууралуу «Калктын аярлуу катмарлары үчүн офтальмологиялык кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу» долбоорунун координатору, Улуттук «Кызыл Ай» коомунун өкүлү Зарина Бабажанова билдирди.
Ал илимий-практикалык конференцияда сөз сүйлөп, 50 жаштан жогору курактагы адамдар арасында жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыктарын тартуулады.
«Өлкөбүздүн калкы картаюуда, инфекциялык ооруларга чалдыгуусу күчөп, көрүүнүн начарлашы жашоо сапатына олуттуу таасирин тийгизүүдө. Сокурдуктун 78%га чейинки учурларын өз убагында кайрылса алдын алууга же дарылоого болот. Бул өтө маанилүү, анткени көрүүнүн жоголушу – бул көз каранды болуу жана саламаттыкты сактоо тутумуна кошумча жүк», - деди ал.
Анын айтымында, алдын алууга боло турган сокурдукту тез баалоо – бул Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан бекитилген жана 70тен ашуун өлкөдө жүргүзүлгөн стандартдаштырылган эпидемиологиялык изилдөө. Борбор Азияда мындай изилдөө алгачкы ирет дал ушул Кыргызстанда өткөрүлгөн.
Изилдөөлөр 2017-жылы өлкөнүн түштүгүндө, ал эми 2019-жылы түндүгүндө жүргүзүлгөн. 2025-жылы Кыргызстан бул аймакта мындай масштабдуу баалоону кайрадан өткөргөн биринчи өлкө болду. Мындан тышкары, дүйнөдө биринчи жолу изилдөөгө жакын аралыктагы көрүүнү (пресбиопия) баалоо киргизилди.
Жыйынтыктар 2017-жылы 50 жаштан жогору курактагы адамдар арасында сокурдуктун негизги себеби катаракта болгонун көрсөттү. 2025-жылы глаукома жана диабеттик ретинопатия сыяктуу оорулардын үлүшү көбөйдү.
Баяндамачынын айтымында, катаракта хирургиясы жайылтылганына карабай, операциядан кийин бейтаптардын 39%ы гана жакшы көрө алат. Көрүүсү начарлаган адамдардын болгону 23%ы гана адекваттуу көз айнек коррекциясы менен камсыздалган.
«Өлкөнүн түштүгүндөгү ар бир жетинчи тургундун көрүү көйгөйлөрү бар, бирок алардын бир гана бөлүгү зарыл жардамды алат. Сокурдуктун деңгээли 1,1%га жакын, бул болжол менен 14 миң адамды түзөт. 2017-жылга салыштырмалуу көрсөткүч төмөндөдү, бирок олуттуу бойдон калууда», - деп белгиледи Бабажанова.
Ал акыркы 8 жыл ичинде абал жалпысынан жакшырганын, бирок ар 10 кишинин биринин көрүүсүндө дагы деле көйгөй бар экенин маалымдады. Катаракта жана глаукома сокурдуктун негизги себептери бойдон калууда, ошол эле учурда диабеттик ретинопатия жаңы олуттуу көйгөйгө айланды.
Бабажанова изилдөөгө катышкан эл аралык эксперттер төмөнкүлөрдү сунушташканын билдирди:
- скринингди күчөтүү, айрыкча диабети бар жана 40 жаштан жогору адамдар арасында;
- көрүүсүндө көйгөйү аныкталган бейтаптарды дарылоого жетишип туруу үчүн маршрутизациялоону жолго салуу;
- адистер — эндокринологдор, офтальмологдор жана башка дарыгерлер — ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жакшыртуу жана дарылоонун сапатын жогорулатуу.