23:01, 13-апрель, 2026

Вадим Такменев кыргызстандык таланттуу балдарды жаңы шоуга чакырат

На русскомНа русском
20:27, 13-апрель, 2026 215

АКИpress -  Вадим Такменев «Номад ТВ» каналындагы «Ты супер! Кыргызстан» шоусуна таланттуу балдарды чакырат.

Долбоорго турмуштук оор кырдаалдарга карабастан, ырдоо жана үнүн дүйнөгө угузуу кыялынан кайтпаган 7 жаштан 18 жашка чейинки балдар жана өспүрүмдөр катыша алышат.

Бул долбоор өлкөгө жаңы ысымдарды ачып, балдарга чоң сахнага чыгууга мүмкүнчүлүк берет.

Бул жөн гана конкурс эмес. Бул — кыялдар, өзүнө болгон ишеним жана кандай гана кыйынчылыктар болбосун, алдыга карай кадам таштоо тууралуу окуя. Долбоорго өзүн көрсөтүүгө жана потенциалын ачууга даяр болгон өлкөнүн ар тарабынан келген таланттуу балдар катышат.

Кастингдин башталганын белгилүү россиялык журналист, «Ты Супер» шоусунун туруктуу алып баруучусу Вадим Такменев жарыялады.

Толук маалымат super.nomadtv.kg сайтында.

 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»