21:24, 13-апрель, 2026

Түнкү жолугушуу ок атуу менен аяктады

На русском
16:52, 13-апрель, 2026 535

АКИpress - Бейбаштыкка шектелген адам кармалды, деп билдирди Чүй облустук милициясы.

Москва районунун 34 жаштагы тургунунун айтымында, 13-апрелде түнкү саат 1:00 чамасында Шопоков шаарында ага травматикалык тапанчадан ок чыгарылган. Жабырлануучунун оң жамбашы, көкүрөгү жана ичине ок тийген.

Бул факт бейбаштык беренеси менен катталган.

Тергөөдөгү маалымат боюнча, арыз ээси Шопоковго келип, таанышы менен жолуккан. Таанышы ага бир нече жолу ок чыгарган.

Милиция 1986-жылы туулган С.Б.ны кармады. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»