АКИpress - Бишкек шаардык муниципалдык инспекциясына белгиленбеген жерге таштанды ыргытуу фактысы боюнча кайрылуу келип түшкөн.
Инспекторлор окуя болгон жерге барышкан. Текшерүүнүн жүрүшүндө «Нур-Суфра» кафесинин кызматкерлери жерге таштанды ыргытканы аныкталган.
Бул факт боюнча кафеге карата 17 000 сом өлчөмүндө протокол түзүлдү.
Материалдар мындан ары кароого жөнөтүлөт.