21:24, 13-апрель, 2026

Бишкектеги «Нур-Суфра» кафесине айып пул салынды

На русском
16:49, 13-апрель, 2026 307

АКИpress - Бишкек шаардык муниципалдык инспекциясына белгиленбеген жерге таштанды ыргытуу фактысы боюнча кайрылуу келип түшкөн.

Инспекторлор окуя болгон жерге барышкан. Текшерүүнүн жүрүшүндө «Нур-Суфра» кафесинин кызматкерлери жерге таштанды ыргытканы аныкталган.

Бул факт боюнча кафеге карата 17 000 сом өлчөмүндө протокол түзүлдү.

Материалдар мындан ары кароого жөнөтүлөт.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»