22:07, 13-апрель, 2026

16-апрелде Бишкектин түштүк-батышындагы айылдарда күн бою суу болбойт

На русском
19:00, 13-апрель, 2026 237

АКИpress - 16-апрелде Бишкектин айрым райондоруна таза суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Суу саат 09:00дөн 24:00гө чейин турак үйлөргө, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык-турмуш-тиричилик жана өнөр жай объектерине жетпейт.

Суу жетпей турган райондор: Сарбан айылы, Жал айылы, Жогорку Орок айылы, Жогорку Орок жаңы конушу, Кашкабаш айылы, 105-контур, ЖЭБ-2, Достук, Селекция айылы, Ак-Ордо жаңы конушу (Ахунбаев көчөсүнүн түштүгү), Ак-Ордо жаңы конушу (Сокулук району, Ахунбаевден жогору), Ак-Өргө жаңы конушу (Өмүр көчөсүнүн түштүгү), Селекция айылы, Сары-Өзөн жаңы конушу, Жүзүмзар айылы жана Калтар айылы.

Суунун токтотулушу «Баш-Кара-Суу» суу алгычын жана шаардык суу түтүк тармактарын реконструкциялоо иштерине байланыштуу.

 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»