АКИpress - Ош облусунда автоматтан өзүнө ок аткан чек арачы каза болду. Бул тууралуу 13-апрелде Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Алай районунун Гүлчө шаардык ооруканасында баш сөөгүнөн жараат алган келишимдик кызматтагы 2004-жылы туулган И. уулу А.аттуу аскер кызматкери каза болду.
Бул факт боюнча Чек ара кызматы кызматтык иликтөөнү улантууда.
Буга чейин 7-апрелде «Эркечтам» постунда чек арачы өзүнө ок атканы, абалы оор экени кабарланган.