АКИpress - Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы дүйнө чемпионатынын экинчи дивизионундагы ордун сактап калды.
Кыргызстандыктар экинчи дивизиондун В тайпасынын турниринде ойноду, мелдеш 6-12-апрелде Софияда (Болгария) алты команданын катышуусунда өттү.
Кыргызстан курама командасы Болгарияны 5:3 эсебинде жеңип, андан кийин Кытай Тайбэйине (1:5) жана Исландияга (3:6) утулуп калды. Ошондой эле төртүнчү турда Израил курама командасына жеңилип, акыркы беттеште Жаңы Зеландияга утулушту.
Эгерде жаңы зеландиялыктарды утушса, 3-орунга ээ болушмак.
Кыргызстан курама командасы төрт упай менен турнирдик таблицада 5-орунду ээледи, ушуну менен бул дивизиондогу ордун сактап калды.
Дивизиондун чемпиону Израил курама командасы болду. Акыркы 6-орунду Кытай Тайбэйинин курама командасы ээледи, алар үчүнчү дивизионго түшөт.