03:09, 8-апрель, 2026

Кыргызстандык 3 баласын порнография үчүн саткан, - УКМК

На русском
19:40, 7-апрель, 2026 1156

АКИpress - 2024-жылдын сентябрь айында жашы жете электерди Кыргыз Республикасынан мыйзамсыз алып чыгуу,  балдарды сатуу боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Казакстан Республикасынын  А.А. аттуу жараны жана анын шериги КР жараны С.С. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

УКМК билдиргендей, тергөөдө А.А. Израилдин жараны А.Б. менен сүйлөшүп алып, С.С.дан үч жашы жете элек баланы сатып алганы, андан кийин балдарды жылаңачтап, интимдик жерлерине басым жасоо менен сүрөткө тартып, мессенжер аркылуу чет өлкөдөгү үчүнчү жактарга жөнөтүү менен байланышкан уятсыз аракеттерди жасаганы аныкталган.

Мындан тышкары аталган кылмыштуу топ Кыргыз Республикасынын Д.К. аттуу жаранынын жашы жете элек эки баласын толук камкордукка алууга уруксат алып, аларга карата ушундай эле аракеттер жасалган.  

Материалдар Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна жөнөтүлгөн. 2026-жылдын 12-мартында  Биринчи май райондук соту тарабынан айыпталуучулар күнөөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо менен Казакстан Республикасынын жараны А.А.га карата 12 жылга жана КР жараны С.С.га карата 11 жылга эркинен ажыратуу түрүндө жаза дайындалган.

УКМК жашы жете электердин конституциялык укуктарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик каралганын эскертет.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»