20:29, 7-апрель, 2026

Караколдогу сейил бак реконструкциядан кийин кандай болот? Эскиздери

На русском
18:08, 7-апрель, 2026 169

АКИpress - Каракол шаарындагы А.С. Пушкин атындагы сейил бакта реконструкциялоо иштери уланып жатат. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.

Жумуштар республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлүүдө. Реконструкция үстүбүздөгү жылдын февраль айында башталган.

Долбоорго ылайык,  сейил бакта 12 жаңы аттракцион, лабиринт жана оргума орнотулат, ошондой эле коомдук тамактануучу жайлар, шахмат жана баскетбол аянтчаларын куруу каралган. Мындан тышкары, эс алуучулар үчүн аллеялар түзүлүп, жашылдандыруу иштери жүргүзүлөт.

«Учурда объектте 60тан ашык жумушчу иштеп жатат», - деп жазылган маалыматта.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»