13:29, 7-апрель, 2026

Соода борборунда отурган кыздын капчыгы уурдалган учур видеого түшүп калган

На русском
11:32, 7-апрель, 2026 254

АКИpress - Бишкек милициясы уурулукка шектелген адам кармалганын билдирди.

2-мартта милицияга шаар тургуну кайрылган. Анын айтымында, 1-март күнү болжол менен кечки саат алтыда «Дордой Плаза-2» соода борборунда жүргөн, ошол учурда сумкасынан 17 миң сому бар капчыгын уурдатып жиберген.

Бишкек милициясынын кызматкерлери 2001-жылы туулган С.О.ну кармашты. Ал мурда ушундай кылмыштар үчүн бир нече жолу соттолгон.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»