АКИpress - Казакстандын Акмоло облусунун Коргалжын районунда «Шөптүкөл» (Чөптүү көл) дамбасы жарылганын өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Дамбанын жарылуусунун кесепеттерин жоюуга ӨКМ, полиция жана жол кыймылын көзөмөлдөө кызматкерлери тартылды. Иш-чарага ӨКМдин 170ке жакын курамы жана 43 бирдик техника тартылган.
Адистер дамбаны бекемдөө, инерттик материалдарды төшөө жана сууну чыгаруу иштерин башташты.
- Сабынды айылы Казакстандын Акмоло облусунда, өлкөнүн борбору Астанадан 70 чакырым алыстыкта жайгашкан. Калктуу конушта миңден ашык адам жашайт.