13:11, 6-апрель, 2026

Америка менен Иран ок атышууну токтотууну талкуулап жатышат

На русском
11:32, 6-апрель, 2026 372

АКИpress - Америка Кошмо Штаттары, Иран жана ортомчулар аскердик аракеттерди биротоло токтотууга карай кадам боло турган 45 күндүк ок атышууну токтотуунун шарттарын талкуулап жатышат. «Axios» булактарына шилтеме берүү менен, бул эскалацияны алдын алуудагы акыркы аракет, деп билдирет.

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын маектештери билдиргендей, АКШ президенти Дональд Трамп Иран үчүн 10 күндүк ультиматумду дагы 20 саатка узартты. Трамп «Axios» маалымат каражатына Иран менен терең сүйлөшүү жүрүп жатканын жана келишим түзүлүшү мүмкүн экенин айтты.

«Эгер алар келишим түзбөсө, мен баарын талкалайм», - деди ал.

Сүйлөшүүлөр Пакистан, Египет жана Түркиянын ортомчулугунда, ошондой эле АКШ президентинин атайын өкүлү Стив Уиткофф менен Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчинин ортосундагы кат алмашуулар аркылуу өтүүдө. Учурда эки этаптуу келишим талкууланууда: 45 күндүк ок атышууну токтотуу, андан кийин аскердик аракеттерди толугу менен токтотуу.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»