АКИpress - Иттер кол салган баланын абалы канааттандырарлык. Жакшыруу бар: ал өз алдынча тамактанып, өзүн жакшы сезип жатканын Шаардык балдар ооруканасынан билдиришти.
Дарыгерлер бейтапты бир нече этаптан турган реабилитация күтүп тураарын кошумчалашты.
Окуя 1-апрелде Калыс-Ордо-2 жаңы конушунда болгон. 2020-жылы туулган бала балдар аянтчасында ойноп жүрүп, кошунасынын үйүнүн короосуна кирип кеткен, ошол жерден ага 3 ит кол салган.
Ал 1-апрелде орто даражадагы мээнин чайкалган, баш териси тытмаланган, денесинин көп жери тиштелген абалда, травматикалык шок диагнозу менен ооруканага жеткирилген.