12:56, 6-апрель, 2026

Боксчу Ихтияр Нишонов дагы Стамбулдагы мелдеште алтын утту

На русском
10:29, 6-апрель, 2026 235

АКИpress - Кыргызстандык спортчу Ихтияр Нишонов Түркияда өткөн эл аралык бокс мелдешинин жеңүүчүсү болду.

«Ahmet Cömert» мелдеши 30-марттан 5-апрелге чейин Стамбул шаарында өттү.

Нишонов 70 кг чейинки салмак категориясында ат салышып, алтын медалга ээ болду.

Кыргызстандык спортчу төрт беттеш өткөрүп, Азербайжан, Түркия, Германия жана Австралиядан келген спортчуларды жеңди.

60 кг чейинки салмак категориясында Мунарбек Сейитбек уулу да алтын утту, ал эми Омар Ливаза (65 кг чейин) коло байгенин ээси болду.

Нишоновдун беттештери:

70 кг чейин

1/8 финал

Вугар Мамедов (Азербайжан) - Иштияр Нишонов — Нишонов үчүнчү раундда жеңди

1/4 финал

Ихтияр Нишонов - Абдулселам Саман (Түркия) — 4:1 (30-27, 29-28, 30-27, 28-29, 29-28)

1/2 финал

Ранди Ботикали (Германия) - Ихтияр Нишонов — 1:4 (28-29, 27-30, 30-27, 28-29, 27-20)

Финал

Уилльям Млачич (Австралия) - Ихтияр Нишонов — 0:5 (28-29, 28-29, 28-29, 28-29, 28-29)

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»