АКИpress - 2-апрелде Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы кабарлагандай, 5 жаштагы балага ит кол салган окуя боюнча кылмыш иши козголду.
Бул факт КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 134-беренеси (этиятсыздыктан ден соолукка оор зыян келтирүү) менен катталган.
Окуя 1-апрелде Калыс-Ордо-2 жаңы конушунда болгон. Кечки саат беш чамасында милицияга квартал башчысынан маалымат түшкөн.
Жерине Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери барып, 2019-жылы туулган У.А. аттуу бала жабыркагандыгын аныкташкан. Ошондой эле иттер атылып, үй ээсинин өздүгү такталган.
Мындан тышкары, милициянын кайгуул кызматынын туристтик ротасынын командири Тимурлан Кулназаров баланы ооруканага жеткирүүгө жардам берген. Ал Абдрахманов—Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде кызмат өтөп турган.